1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

Студенттер окуу-таанышуу практикасын ийгиликтүү өтүүдө

Экономика жана укук колледжинин Каржы (тармактар боюнча), экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча), салык жана салык салуу, социалдык иш жана укук таануу адистигинин 2-курс студенттери 2025-2026-окуу жылынын окуу графигине ылайык окуу-таанышуу практикасына 6-апрелден 18- апрелге чейин жөнөтүлдү. Учурда студенттер Манас шаарындагы, ошондой эле Жалал-Абад облусуна караштуу райондордогу  мекеме-ишканаларда практикадан өтүп, өз адистиктери боюнча алгачкы кесиптик тажрыйба топтошууда.

Практиканын жүрүшүндө колледждин өндүрүштүк практика жана карьера боюнча жетекчиси Н. А. Айылчиева Манас шаарындагы мекеме-ишканаларга барып, студент-практиканттарга усулдук жардам көрсөтүүдө. Мындан тышкары,  адис жетекчилери да студенттерге жол карта мен иш алып барууга, күндөлүктү жазууга багыт көрсөтүп, алардын иш тажрыйбасын өркүндөтүүгө көмөк берүүдө.