1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

43

7-АПРЕЛЬ – ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯ КҮНҮНӨ КАРАТА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТКӨРҮЛДҮ

7-апрель – Кыргызстандын тарыхындагы өзгөчө мааниге ээ күндөрдүн бири. Бул күн элдин адилеттикке, эркиндикке жана демократиялык баалуулуктарга болгон умтулуусун чагылдырган тарыхый окуя катары белгиленет. Аталган күнгө карата Экономика жана укук колледжинин БЭК-3-25 тайпасынын студенттери менен биргеликте тегерек стол уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты – студенттерге 2010-жылдагы апрель окуяларынын тарыхый маанисин жеткирүү, жарандык аң-сезимин өнүктүрүү жана мекенчилдик сезимин калыптандыруу болду. Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар ошол мезгилдеги коомдук-саясий кырдаал, революциянын себептери жана анын жыйынтыктары тууралуу кеңири талкуу жүргүзүштү. Студенттер өз ойлорун эркин билдирип, тарыхый фактыларга таянып, өз көз караштарын ортого салышты. Ошондой эле революция учурунда курман болгон жарандар эскерилип, алардын эрдиги жана өлкөнүн келечеги үчүн жасаган салымы өзгөчө белгиленди.

Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, студенттердин активдүү катышуусу менен жандуу талкуу жаралды. Мугалим тарабынан туура багыт берилип, теманын актуалдуулугу баса белгиленди.

Жыйынтыгында, мындай иш-чаралар жаштардын тарыхка болгон кызыгуусун арттырып, жарандык позициясын калыптандырууда маанилүү роль ойной турганы белгиленди.