1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

44

Экономика жана укук колледжинин Социалдык иш ПЦКсында квалификациялык практика учурунда кезектеги жумуш ордунда окутуу уюштурулду

Практиканын жүрүшүндө экономика жана укук колледжинин социалдык иш ПЦКсынын башчысы Н.Н. Сатымкулова жана Ноокен райондук социалдык фонд башкармалыгынын пенсия бөлүмүнүн башчысы Э.Т.Маматова тарабынан «Пенсияны берүүнүн шарттары» аттуу темада жумуш ордунда окутуу уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты – студенттерге пенсия дайындоонун тартиби, мыйзамдык негиздери жана практикалык өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берүү болду. Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар пенсиянын түрлөрү, аны дайындоонун шарттары, керектүү документтер жана жарандар менен иш алып баруунун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алышты.