1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

Иш берүүчүнүн сунуштарынын негизинде социалдык иш адистерин даярдоону өркүндөтүү

Максаты:

Иш берүүчүнүн социалдык иш адистерине коюлган талаптарын жана практикалык сунуштарын аныктоо, ошондой эле окуу процессинде психологиялык даярдыкты күчөтүү зарылдыгын белгилөө.

Экономика жана укук колледжинин социалдык иш адистиги боюнча карьера жана практика жетекчиси Анарбай кызы Айтбү тарабынан Ноокен райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Сагындыкова Адыйнахан Эргешевна менен иш берүүчү катары интервью өткөрүлдү.

Интервью учурунда Адыйнахан Эргешевна мекемеде «Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо» бөлүмү активдүү иш алып барарын белгиледи. Бул бөлүмгө ар кандай турмуштук оор абалдагы аялдар жана үй-бүлөлөр кайрылышаарын айтып, социалдык кызматкерлердин ишинде психологиялык даярдыктын өзгөчө мааниси бар экенине токтолду.

Иш берүүчү катары ал социалдык иш адистерин даярдоодо теориялык билим менен катар практикалык көндүмдөргө жана психологиялык багыттагы даярдыкка көбүрөөк көңүл буруу зарылдыгын сунуштады. Анын айтымында, адистер кардарлар менен иштөөдө алардын ички абалын туура түшүнүп, гумандуу мамиле түзө билиши керек.

Бул интервьюнун жыйынтыгында социалдык иш адистерин даярдоо процессин өркүндөтүү, айрыкча психологиялык компетенцияларды күчөтүү жана практикалык даярдыкты жакшыртуу зарылдыгы баса белгиленди.