1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

46

Социалдык иш адистеринин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүдө иш берүүчүнүн талаптары

Максаты:

Социалдык иш тармагындагы иш берүүчүнүн тажрыйбасын жана талаптарын аныктоо, ошондой эле социалдык кызмат көрсөтүүдө адистерден талап кылынган кесиптик жана практикалык компетенцияларды талдоо.

Интервью

Базар-Коргон шаардык эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо башкармалыгынын Социалдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Сейманбаева Нурзада Жуманазарова менен экономика жана укук колледжинин социалдык иш адистиги боюнча карьера жана практика жетекчиси Анарбай кызы Айтбү тарабынан интервью өткөрүлдү.

Анарбай кызы Айтбү: Сиз жетектеген бөлүмдүн негизги ишмердүүлүгү эмнеден турат?

Сейманбаева Нурзада Жуманазарова:

Биздин бөлүм жарандарга социалдык кызмат көрсөтүү, оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам берүү, майыптыгы бар адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү жана мамлекеттик социалдык жардамдарды уюштуруу багытында иш алып барат.

Анарбай кызы Айтбү: Социалдык иш адистеринин ишинде эң көп кездешкен кыйынчылыктар кайсылар?

Сейманбаева Нурзада Жуманазарова:

Эң негизги кыйынчылык — ар кандай психологиялык абалдагы адамдар менен иштөө. Ар бир жаран өзүнүн көйгөйү менен келет, ошондуктан социалдык кызматкер ар бирине өзгөчө мамиле кылышы керек. Бул чоң жоопкерчиликти талап кылат.

Анарбай кызы Айтбү: Сиздин оюңузча, социалдык иш адиси кандай сапаттарга ээ болушу керек?

Сейманбаева Нурзада Жуманазарова:

Социалдык иш адиси сабырдуу, жоопкерчиликтүү, адамдар менен туура баарлаша билген жана психологиялык жактан туруктуу болушу керек. Эң негизгиси — адамды түшүнө билүү жөндөмү.

Анарбай кызы Айтбү: Социалдык иш адистеринде кайсы кесиптик компетенциялар өзгөчө өнүктүрүлүшү керек деп эсептейсиз?

Сейманбаева Нурзада Жуманазарова:

Менин оюмча, социалдык иш адистеринде бир нече негизги компетенциялар сөзсүз өнүктүрүлүшү керек. Эң маанилүүсү — коммуникациялык компетенция, адамдар менен туура баарлашуу жана түшүнүү жөндөмү. Ошондой эле психологиялык компетенция абдан маанилүү, анткени ар бир кардар ар кандай эмоционалдык абалда болот. Андан тышкары, практикалык иш билгичтик, чечим кабыл алуу жөндөмү жана стресске туруктуулук да өнүктүрүлүшү зарыл.

Анарбай кызы Айтбү: Окуу процессинде социалдык иш адистигин даярдоодо эмнеге көбүрөөк көңүл буруу керек?

Сейманбаева Нурзада Жуманазарова:

Теориялык билим менен катар практикага жана психологиялык даярдыкка өзгөчө көңүл буруу зарыл. Себеби иш жүзүндө адамдар менен түз байланышта иш алып баруу маанилүү.

Анарбай кызы Айтбү: Жаш адистерге кандай кеңеш бересиз?

Сейманбаева Нурзада Жуманазарова:

Эң негизгиси — адамдарды түшүнүүгө аракет кылуу жана ар бир кайрылган жаранга адамдык мамиле кылуу. Ошондой эле тынымсыз билим алып, тажрыйба топтоо керек.

Жыйынтык:

Өткөрүлгөн интервьюнун жыйынтыгында социалдык иш адистерин даярдоодо практикалык билимди, коммуникациялык, психологиялык жана стресске туруктуулук компетенцияларын өнүктүрүү зарылдыгы аныкталды. Иш берүүчүнүн пикири боюнча, бул компетенциялар социалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууда негизги роль ойнойт жана адистердин кесиптик деңгээлин калыптандырууда өзгөчө мааниге ээ.