1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

Космос 2.0 Келечектин технологиялары жана биз

12-апрель — Дүйнөлүк авиация жана космонавтика күнүнө карата Экономик жана укук колледжинин ЖББ ПЦКсыны физика дисциплинасынын окутуучусу Г.М.Барпиева БЭк-3-25 тайпасына студенттер үчүн  ачык саат өттү .Сабака ПЦК башчысы М.Ж Асанова,метод башчы М.Сулайманова жана метод алмашууга окутуучулар катышты.

Ачык сааттын максаты - астрономия, физика жана заманбап технологиялардын жетишкендиктерин түшүндүрүү. Студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүү, мекенчилдикке тарбиялоо. Сабакта заманбап методдор, ЛЕД экран, макеттер колдонулду. Адамзаттын космоско жасаган алгачкы кадамы жана Юрий Гагариндин эрдиги тууралуу кызыктуу маалыматтар берилди. Мекенибиздин сыймыгы, космонавт Салижан Шариповдун басып өткөн жолу студенттерге үлгү катары тааныштырылды.

Сабактын жүрүшүндө студенттер креативдүүлүк менен жасаган макеттерин,топтордо иштеген тапшырмаларын презентациялашты. Ачык сааттын катышуучулары космос кемелеринин түзүлүшү жана ааламдын сырлары тууралуу жаңы маалыматтарды алышты. Сабактын соңунда студенттер бааланып,активдүү катышуучулар белгиленди.