1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

Экономика жана укук колледжинде тегерек стол өткөрүлдү

   Экономика жана укук колледжинде “Мамлекеттик коррупцияга каршы саясат” темасында тегерек стол уюштурулду. Иш-чараны колледждин окутуучусу З. Амиракулова алып барып, ага ФКк-2-25 жана ФКк-3-25 тайпаларынын студенттери, ошондой эле окутуучулар жамааты катышты. Тегерек столдун негизги максаты — студенттерге коррупцияга каршы мамлекеттик саясаттын маңызын түшүндүрүү, анын алдын алуу жолдору, укуктук негиздери жана коомдогу орду тууралуу кеңири маалымат берүү болду. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүүнүн мыйзамдык базасы жана мамлекеттик стратегиялык пландары тааныштырылды. Ошондой эле коррупциялык укук бузуулар үчүн каралган жоопкерчилик маселелери талкууланып, тиешелүү мыйзамдарга ылайык колдонулуучу жаза чаралары боюнча маалымат берилди. Талкуу форматында өткөн иш-чарада студенттер активдүү катышып, суроолорду берип, ар кандай кейстерди талдап, өз сунуш-пикирлерин билдиришти. Бул алардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана жарандык позициясын калыптандырууга өбөлгө түздү.

       Жыйынтыгында катышуучулар коррупцияга каршы күрөшүү ар бир жарандын милдети экенин белгилешип, мындай мазмундагы иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу зарылдыгын баса белгилешти.