1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

37

Жумуш ордунда окутуу — кесиптик билим берүүнүн натыйжалуу формасы

 Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу багытында заманбап, натыйжалуу ыкмалар ийгиликтүү ишке ашырылууда. Алардын бири — жумуш ордунда окутуу системасы болуп саналат. Бул ыкма студенттердин теориялык билимдерин практикалык көндүмдөр менен айкалыштырып, алардын кесипке болгон кызыгуусун арттырууга жана келечектеги адистик багытын так аныктоого өбөлгө түзөт.

Ушул максатта Экономика ПЦКсынын “Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактары боюнча)” адистигинин жетекчилери А. Айдарбекова жана З. Иркеева тарабынан Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында жумуш ордунда окутуу иш-чарасы уюштурулду.

        Иш-чаранын алкагында “Эмгек ресурстары жана эмгекти уюштуруу формалары” темасында оорукананын тажрыйбалуу адистери — экономист Токоматова Накинай Жаныбековна жана кассир-бухгалтер Матаев Майрамбек Уланбекович мазмундуу баяндамаларды жасашты. Алар өздөрүнүн практикалык иш тажрыйбалары менен бөлүшүп, студенттерге кесиптик чөйрөдөгү маанилүү аспектилерди кеңири түшүндүрүп беришти.

Атап айтканда, төмөнкү маанилүү маселелер камтылды:

      - Кызматкерлердин кызматтык милдеттери жана жоопкерчилиги;

Эмгекти уюштуруу формалары (иш графиги, бөлүмдөр аралык өз ара байланыш);

Эмгек тартиби жана ички тартип эрежелери;

Кадрдык иш жүргүзүүнүн негиздери;

Иш процессинде колдонулуучу документтер жана отчеттуулук тартиби менен тааныштырып   өтүштү                                        

Мындай иш-чаралар студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатып гана тим болбостон, аларды реалдуу иш чөйрөсүнө даярдоодо маанилүү роль ойнойт. Жумуш ордунда окутуу — бул билим менен тажрыйбаны бириктирген көпүрө болуп, келечектеги адистерди даярдоодо өзгөчө мааниге ээ.