1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

Жумуш ордунда окутуу: Банктын коопсуздук системасын практикада өздөштүрүү

 Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети билим берүүнүн сапатын жогорулатуу багытында жумуш ордунда окутуу системасы ийгиликтүү уюштурулуп, туруктуу негизде ишке ашырылып келет. Бул заманбап окутуу ыкмасы студенттердин теориялык билимдерин практикалык тажрыйба менен бекемдеп, аларды келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө натыйжалуу даярдоого шарт түзүүдө.

        Аталган демилгенин алкагында Экономика ПЦКсынын “Каржы (тармактары боюнча)” адистигинин жетекчилери Э. Кадырова жана А. Калмурзаева тарабынан студенттер үчүн Манас шаарындагы Элдик Банктын филиалында жумуш ордунда окутуу уюштурулду. Практикалык сабак реалдуу иш чөйрөсүндө өтүп, студенттер банк тармагынын күнүмдүк иш процесстери менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө ААК “Элдик банк” Жалал-Абад филиалынын директору Ибраимов Темирбек Ибраимович студенттер менен жолугушуп, өзүнүн бай кесиптик тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал “Шектүү операцияларды байкоо жана белгилөө тартиптери” темасында кеңири баяндама жасап, банк системасында коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүү аспектилерин жеткиликтүү түшүндүрүп берди.

Айрыкча, төмөнкү негизги маселелерге өзгөчө көңүл бурулду:

шектүү операцияларды аныктоо, байкоо жана белгилөө тартиптери;

банктык операцияларга туруктуу мониторинг жүргүзүү механизмдери;

маалыматтарды тиешелүү бөлүмдөргө өз убагында жана так жеткирүү жолдору.

Маалыматтар практикалык мисалдар менен коштолуп, жөнөкөй жана түшүнүктүү формада сунушталды. Бул студенттерге банк системасындагы жоопкерчиликтүү процесстерди терең түшүнүүгө жана реалдуу жумуш шарттарына көнүгүүгө чоң өбөлгө түздү.

Мындай иш-чаралар студенттердин аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, кесиптик компетенцияларын калыптандырууда маанилүү роль ойнойт. Ошондой эле жумуш ордунда окутуу – билим берүү менен өндүрүштүн ортосундагы бекем көпүрө болуп, жаш адистердин келечектеги ийгиликтүү карьерасына ишенимдүү негиз түзөт.