1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

37

Жумуш ордунда окутуу алкагында студенттер банк тармагын өздөштүрүштү

  Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында жумуш ордунда окутуу (Work-Based Learning) системасы ийгиликтүү ишке ашырылууда. Бул ыкма студенттердин теориялык билимдерин практикалык көндүмдөр менен айкалыштырып, алардын келечектеги кесибине болгон кызыгуусун арттырууга багытталган.

      Ушул алкакта Экономика ПЦКсынын “Каржы (тармактары боюнча)” адистигинин жетекчилери Э. Кадырова жана А. Калмурзаева тарабынан студенттер үчүн Манас шаарындагы “Бай-Түшүм” банкынын филиалында практикалык сабак уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө банктын насыя боюнча башкы менеджери Алимбеков Нурланбек Курманбекович студенттер менен өзүнүн кесиптик тажрыйбасы менен бөлүшүп, “Банктар аралык которуулар процесси” тууралуу    маалыматтар менен  бөлүштү

Атап айтканда, төмөнкү маанилүү маселелер камтылды:

банктар аралык которууларды жүргүзүүнүн негизги этаптары;

төлөм документтеринин кыймылы жана иштетүү тартиби;

банктык операциялардагы коопсуздук жана көзөмөл талаптары.

       Маалыматтар жөнөкөй жана жеткиликтүү тилде түшүндүрүлүп, студенттер реалдуу жумуш процесси менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Мындай практикалык сабактар алардын кесиптик компетенцияларын калыптандырууда жана эмгек рыногуна даярдоодо маанилүү роль ойнойт.

Жумуш ордунда окутуу – бул билим берүү менен өндүрүштүн ортосундагы натыйжалуу байланыш болуп, студенттердин келечектеги ийгиликтүү карьерасына бекем негиз түзөт.