1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

45

Коррупцияга каршы күрөш — жаштардын жарандык жоопкерчилиги

Экономика жана укук колледжинде 14-апрель күнү 2025–2026-окуу жылдарына карата коррупцияга каршы иш-чаралардын планынын алкагында маанилүү жолугушуу уюштурулду. Аталган иш-чарага Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Сабырова Жыпар Жумадиловна катышып, студенттер үчүн мазмундуу жана таасирдүү лекция окуду. Жолугушууну Укук таануу ПЦКсынын жетекчиси Г. Доноева уюштуруп, иш-чара жогорку деңгээлде өттү. Лекциянын жүрүшүндө Сабырова Жыпар Жумадиловна коррупциянын коомго тийгизген терс таасирлерин кеңири түшүндүрүп, аны менен күрөшүүнүн актуалдуулугуна өзгөчө токтолду. Ал студенттерди мыйзамдуулукту сактоого, адилеттүүлүктү жогору баалоого жана жарандык жоопкерчиликти сезүүгө чакырды. Ошондой эле лекция интерактивдүү мүнөздө өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, кенен жоопторду алышты.

Андан соң конок колледждин профессордук-окутуучулар курамы менен жолугуп, коррупцияга каршы аракеттерди күчөтүү боюнча баалуу пикирлерин жана сунуштарын билдирди. Бул жолугушуу катышуучулар үчүн пайдалуу маалыматтарга бай болуп, кесиптик жана укуктук багыттагы тажрыйба алмашууга өбөлгө түздү.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин жана окутуучулардын укуктук аң-сезимин жогорулатуу, коррупцияга каршы туруктуу көз карашты калыптандыруу жана мыйзамдуулукту сактоонун маанисин кеңири жайылтуу болуп саналат. Мындан тышкары, жаштарды адилеттүүлүккө, ак ниеттүүлүккө тарбиялоо аркылуу коомдо таза жана жоопкерчиликтүү жарандык позицияны бекемдөө максат кылынды.

Жыйынтыгында бул иш-чара өз максатына жетип, катышуучуларга терең таасир калтырды. Студенттер коррупцияга каршы күрөшүүнүн маанисин дагы бир ирет аңдап түшүнүшүп, өздөрүнүн жарандык жоопкерчилигин сезишти. Мындай жолугушуулар келечектеги адилет жана таза коомду калыптандырууда маанилүү кадам болуп саналат.