1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

43

Манас шаарынын инвестициялык потенциалы – студенттер үчүн баалуу тажрыйба

 Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсы тарабынан студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу жана практикалык түшүнүктөрүн кеңейтүү максатында маанилүү иш-чара уюштурулду. Иш-чаранын алкагында Манас шаарынын мэриясынын кызматкерлери — “Жергиликтүү экономиканын өнүгүү” бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Самат жана башкы адиси Бабаева Гулиза Мохидиновна тарабынан “Манас шаарынын инвестициялык потенциалы” аталышындагы конок лекция өткөрүлдү.

         Иш чаранын жүрүшүндө адистер Манас шаарынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, инвестиция тартуудагы артыкчылыктары жана аймактын өнүгүү багыттары тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле шаарда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор, бизнес үчүн түзүлгөн шарттар жана келечектеги өнүгүү перспективалары тууралуу кызыктуу мисалдар келтирилди.

         Коноктор студенттерге инвестициянын мааниси, анын экономиканын өсүшүнө тийгизген таасири, ошондой эле жергиликтүү деңгээлде инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө түшүндүрүп беришти. Мындан тышкары, студенттер реалдуу практикалык маалыматтарды угуу менен теориялык билимдерин бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өздөрүнүн кызыктырган суроолорун берип, адистерден толук жооп алышты. Мындай формат билим алууну жандандырып, студенттердин аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.