1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

37

Жумуш ордунда окутуу шартында микро-кредиттик компаниянын ишмердүүлүгүн өздөштүрүү

  Жумуш ордунда окутууну активдештирүү максатында Экономика жана укук колледжинин Каржы (тармактары боюнча) адистигинин жетекчилери З. Ахмедова,  Г. Бекиева  Манас шаарындагы Байлык Финанс микро - кредиттик компаниясында жумуш ордунда окутууга барып келишти. Окутуунун жүрүшүндө жетекчилер тарабынан Ишкананын менчик формасы жана ишмердүүлүгүнүн укуктук негиздери менен тааныштырылып:

Мекеме-ишкананын жалпы мүнөздөмөсү,

Ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары;

Ишкананын уюштуруу-укуктук формасы жана менчик формасы;

Ишмердүүлүгүн жөнгө салган негизги укуктук актылар (устав, Эмгек кодекси, Салык кодекси ж.б.) менен тааныштырылды.

       Мындан тышкары, жумуш ордунда окутуунун жүрүшүндө студенттерге микро-кредиттик компаниянын иштөө механизми, кардарлар менен иш алып баруу тартиби жана насыя берүү процессинин этаптары тууралуу кеңири маалымат берилди. Компаниянын адистери тарабынан насыяларды кароо, баалоо жана берүү жол-жоболору, ошондой эле каржылык тобокелдиктерди башкаруу ыкмалары түшүндүрүлдү.

        Студенттер практикалык мисалдардын негизинде каржылык документтер менен иштөө, кардарлардын төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо жана насыя портфелин көзөмөлдөө боюнча баштапкы түшүнүктөргө ээ болушту. Бул өз кезегинде алардын теориялык билимдерин бекемдеп, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө пайдалуу тажрыйба болуп берди.