КИТЕПКАНАГА САЯКАТ
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин ФК-3-23 тайпасынын студенттери 14-март күнү чет тили сабагын ЖАМУнун китепканасында өтүштү. Сабакты окутуучу Н.Айылчиева “At the library ” деген темада өттү. Студенттерге китепкананын бөлүмдөрү менен китепкананын кызматкерлери тааныштырышып, андан соң англис тилинде жаңы сөздөрдү, тексттерди окушуп, көнүгүүлөрдү иштешип, китепкана жөнүндө англис тилинде сүйлөп беришти. Студенттер сабак бүткөн соң окуу залында китептерди алып окушту.
Мындай иш чараларды өткөрүү менен жаштарды китеп окууга үндөй алабыз. Ошондой эле маалыматтарды китептерден издөөнү өздөштүрүшөт. Учурдун жаштары китепке көп көңүл бурбай, интернет желелеринен изденишет. Китеп окуу кенен маалыматка ээ кылып, адамдын эске тутуу жөндөмдүүлүгүн да өздөштүрөт. Андыктан студенттерибиз көбүрөөк китеп окусун деген максатта бүгүнкү саякатты уюштурдук - дейт окутуучу Назгүл Айылчиева.