УКУК ТААНУУ АДИСТИГИНДЕ МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАНЫН ЖҮРҮШҮ
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин укук таануу ПЦКсынын укук таануу адистигинин УТк-2-21,УТк-01-22 тайпаларынын студенттери 2023-2024 окуу жылынын окуу графигине ылайык мамлекеттик практикасын өтүп жатышат.
Үстүбүздөгүл жылдын 14- март күнү колледждин өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н.Айылчиева жана укук таануу адистигинин практика жетекчиси Б.Жусупбекова Жалал-Абад областтык, шаардык сот, Сузак райондук сот аткаруучулар кызматтык бөлүмү жана Жалал-Абад шаардык сот аткаруучулар кызматы бөлүмдөрүндө практика өтөп жаткан студенттерге барып күндөлүк жана отчет жазууга багыт берип келишти. Ошондой эле өндүрүш жетекчилери менен колледждин жетекчилери мамлекеттик практиканын жүрүшү боюнча талкуулашты. Өндүрүштүк жетекчилер практика учурунда студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүп, практиканттарга шарт түзүп берип жаткандыгына практика жетекчилери жана практикант-студенттери ыраазычылык билдиришти.