1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

4 месяца назад

89

Укук таануу адистигинин 2-курсунун студенттерин окуу-таанышуу практикасына жөнөтүү конференциясы

Экономика жана укук колледжинин окуу графигине ылайык, укук таануу адистигинин 2-курсунун  студенттери үчүн окуу-таанышуу практикасына жөнөтүү конференциясы өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында студенттерге практика тууралуу толук маалымат берилип, анын мааниси жана максаттары кеңири түшүндүрүлдү.

Конференцияда Укук таануу адистигинин практика  жетекчиси Б.Жусупбекова  сөз сүйлөп, практика студенттер үчүн өтө маанилүү этап экенин белгиледи. Ал өз сөзүндө студенттер теориялык билимдерин практика жүзүндө бекемдеп, укуктук мекемелердин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышарын айтты. Ошондой эле практика учурунда тартипти сактоо, жоопкерчиликтүү болуу жана ар бир тапшырманы так аткаруу зарылдыгын баса белгиледи.

Практиканын негизги максаты – студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу, теориялык билимдерин практикалык көндүмдөр менен айкалыштыруу, укуктук документтер менен иштөө жөндөмүн өнүктүрүү жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө багыт берүү болуп саналат. Мындан тышкары, студенттердин коммуникациялык жөндөмдөрүн өркүндөтүү, укуктук маданиятын калыптандыруу жана эмгек тартибин сактоого үйрөтүү дагы маанилүү милдеттердин бири катары белгиленди.

Жыйынтыгында, конференция мазмундуу өтүп, студенттер практика боюнча керектүү маалыматтарды алышты жана алдыдагы окуу-таанышуу практикасына даяр экендиктерин билдиришти.