1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

4 месяца назад

83

Жумуш ордунда окутуу – салык системасын терең өздөштүрүүнүн жолу

 Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсынын Салык жана салык салуу адистигинин жетекчилери З.М.Ахмедова Г.Б.Бекиева, Г.П. Салибаева тарабынан Сузак районунун мамлекеттик салык салуу кызматында жумуш ордунда окутуу болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө мекеменин бөлүмдөрү жана бөлүмдөрүнүн иштөө тартиптери, милдеттерин үйрөнүү багытында

Мекеме-ишкананын жалпы мүнөздөмөсү,

Ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары;

Ишмердүүлүгүн жөнгө салган негизги укуктук актылар (устав, Эмгек кодекси, Салык кодекси ж.б.) менен жакындан таанышышты

Окутуунун жүрүшүндө мекеменин ишмердүүлүгүн жөнгө салган негизги укуктук актылар, тактап айтканда устав, Эмгек кодекси, Салык кодекси жана башка тиешелүү документтер боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди.

       Иш-чаранын жыйынтыгында студенттер өздөрүнүн кызыктырган суроолоруна жооп алышып, салык тармагындагы заманбап талаптар жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу пайдалуу маалыматтарга ээ болушту. Мындай жумуш ордунда окутуу студенттердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана келечекте квалификациялуу адис болуп калыптанышына чоң өбөлгө түзөт.