1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

35

ЭУКта №5 педагогикалык кеңешме ийгиликтүү өттү

2026-жылдын 10-апрелинде ЭУКтун №5 педагогикалык кеңешмеси жогорку деңгээлде уюштурулуп, жемиштүү өттү. Кеңешмеде билим берүү процессинин сапатын жогорулатууга багытталган бир катар маанилүү маселелер каралды. Атап айтканда, окутуунун жаңы технологияларын жана усулдарын натыйжалуу пайдалануу боюнча маалымат берилип, студенттерди олимпиадаларга даярдоо планы бекитилди. Ошондой эле кураторлордун ишмердүүлүгү талданып, маданий-массалык иш-чаралардын өткөрүлүшүнө анализ жасалды. Мындан тышкары, студенттердин окуу акысын төлөө маселеси каралып, тиешелүү сунуштар айтылды. Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар активдүү талкуу жүргүзүп, сунуш-пикирлерин билдиришти. Кеңешменин жыйынтыгында алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу боюнча конкреттүү чечимдер кабыл алынды.  Педагогикалык кеңешме жогорку уюшкандыкта өтүп, коюлган максаттарга жетүүдө маанилүү кадам болду.