1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

12

Жумуш ордунда окутуу: Англис тилин жандуу чөйрөдө үйрөнүү

Экономика жана укук колледжинин ТМК-2-25 тайпасы үчүн бул күн өзгөчө мазмундуу жана пайдалуу өттү. Чет тили сабагы адаттагы аудиториялык форматтан чыгып, практикага багытталган жандуу окуу формасында уланды. Тактап айтканда, окутуучу Н. Айылчиеванын демилгеси менен студенттер ЖАМУнун китепканасында жумуш ордунда окутууга катышып келишти.

Сабактын темасы — “At the library” — теория менен практиканын айкалышында өзгөчө натыйжалуу өздөштүрүлдү. Студенттер университеттин кең жана заманбап китепканасы менен таанышып, анын түзүлүшү, бөлүмдөрү жана иштөө тартиби тууралуу маалымат алышты. Бул болсо алардын англис тилиндеги сөз байлыгын кеңейтүүгө чоң өбөлгө түздү. Практикалык бөлүктө студенттер китептерди карап чыгып, айрымдарын окуп, китепканага байланыштуу негизги терминдерди англис тилинде колдонуу менен өз ара баарлашышты. Мындай ыкма окуучулардын тилди түшүнүүсүн гана эмес, аны реалдуу кырдаалда колдонуу жөндөмүн да арттырды. Бул иш-чара студенттер үчүн жаңы тажрыйба болуп, билимге болгон кызыгуусун арттырып, өз алдынча изденүүгө шыктандырды. Мындан тышкары, мындай практикалык сабактар келечектеги адистерди даярдоодо маанилүү кадам болуп эсептелет.