1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

13

Жумуш ордунда окутуу аркылуу кесипкөйлүккө кадам

   Б. Осмонов атындагы Экономика жана укук колледжинде жумуш ордунда окутуу (дуалдык билим берүү) системасы ийгиликтүү ишке ашырылып, Экономика ПЦКсынын «Салык жана салык салуу» адистигинин жетекчилери З.М. Ахмедова, Г.Б. Бекиева,             Г.П. Салибаева тарабынан жумуш ордунда окутуу уюштурулуп Мамлекеттик салык кызматынын Манас шаарындагы бөлүмүндө өткөрүлдүИш-чарага мекеменин  “ Акциздик товарларды, топтордун контролдоо бөлүмүнүн башкы инспектору Т.Ж. Бекенов, кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси М.К. Малабаева катышып, студенттерге практикалык багыттагы “Салык органдарынын түзүмү жана функциялары” темасында кеңири маалыматтар айтылды.

         Иш чарада студенттер салык кызматынын негизги түзүмдүк бөлүмдөрү, алардын ишмердүүлүк багыттары, ар бир бөлүмдүн функционалдык милдеттери, ошондой эле иш кагаздарын жүргүзүү тартиби менен жеринде таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Мындан сырткары, адистер тарабынан салыктык башкаруунун заманбап ыкмалары, электрондук кызмат көрсөтүүлөр жана жарандар менен иш алып баруунун өзгөчөлүктөрү тууралуу да маалыматтар берилди.

          Практикалык окутуунун жүрүшүндө студенттер теориялык билимдерин бекемдеп, кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө шарт түзүлдү. Мындай форматтагы окутуу студенттердин келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө даярдыгын жогорулатууга өбөлгө түзөт.