1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

12

Кесиптик даярдык: студенттер практика мекемелерине багытталды

Экономика жана укук колледжинин «Социалдык иш» адистигинин СРк-2-24 жана СРк-01-25 тайпаларынын студенттери окуу-таанышуу практикасынын алкагында тиешелүү мекемелерге жайгаштырылды. Бул процесс практика жетекчилеринин түздөн-түз уюштуруусу жана көзөмөлү алдында жүргүзүлдү.

Практика жетекчилер тарабынан студенттер төмөнкү мекемелерге бөлүштүрүлдү: Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, Ноокен райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, Базар-Коргон шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, ошондой эле социалдык фонддун аймактык башкармалыктары, айыл өкмөттөрү, Каниет реабилитациялык борбору, Кызыл-Ай жана Элим барсынбы!? коомдук кайрымдуулук фонддору.

Аталган мекемелерде студенттер социалдык коргоо тармагынын практикалык аспектилерин өздөштүрүп, кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүшөт. Мындай максаттуу жайгаштыруу алардын келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө бекем негиз түзөт.