1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

10

Квалификациялык практика учурунда жумуш ордунда окутуу

Манас шаардык социалдык фонд башкармалыгында СРк-2-23 тайпасынын студенти Эрсултан Зулпукаров үчүн жумуш ордунда окутуу уюштурулду. Окутуу социалдык фонддун адиси Сатыбалдиев Элдияр Асеинович жана социалдык иш ПЦКсынын  окутуучусу Айтбу Анарбай кызынын жетекчилиги менен өткөрүлдү.

Жумуш ордунда окутуунун максаты — студенттин теориялык билимдерин практика жүзүндө бекемдөө, социалдык кызмат көрсөтүү процессин өздөштүрүү жана кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү.

Окутуу учурунда студент төмөнкү көндүмдөрдү өздөштүрдү:

· Калкты жана үй-бүлөлөрдү социалдык жактан каттоо жана мониторинг жүргүзүү

· Социалдык жардам көрсөтүүдө документтерди туура толтуруу жана ишти протоколдоо

· Аймактык социалдык программаларга катышуу жана алардын иштөө принциптерин түшүнүү

· Кары-картаңдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштөө усулдары

· Кардар менен байланыш жана этикалык нормаларды сактоо

Бул жумуш ордунда окутуу студентке социалдык фонддун ишмердүүлүгүн практика жүзүндө өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берди жана кесиптик компетенцияларын калыптандырууга өбөлгө түздү.