1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

13

Практикага даярдык: студенттер үчүн окуу-таанышуу конференциясы

Экономика жана укук колледжинин «Социалдык иш» адистигинин СРк-2-24 жана СРк-01-25 тайпаларынын студенттери үчүн окуу-таанышуу практикасына арналган конференция өткөрүлдү. Конференциянын негизги максаты — студенттерди алдыдагы практика менен тааныштыруу, анын мазмуну, талаптары жана милдеттери боюнча кеңири маалымат берүү болду. Конференцияга колледждин директору Ташматова Айнагүл Акылбековна, өндүрүштүк практика жана карьера боюнча жетекчи Айылчиева Назгүл Абдыгапаровна, ошондой эле Социалдык иш ПЦКсынын окутуучулары Айтбу Анарбай кызы жана Молдомиров Эрлан Таалайбекович катышышты.  Конференциянын жүрүшүндө студенттерге окуу-таанышуу практиканын максаты, милдеттери, өтүү тартиби жана күтүлүүчү жыйынтыктары тууралуу кеңири түшүндүрмө берилди. Ошондой эле практика учурунда сакталуучу техникалык коопсуздук эрежелери тааныштырылып, эмгекти коргоо талаптарына өзгөчө көңүл бурулду. Мындан сырткары, отчеттук документтерди туура даярдоо, күндөлүк толтуруу жана практиканын жүрүшүндө тартипти сактоо боюнча маанилүү көрсөтмөлөр берилди. Конференция интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду беришип, тиешелүү адистер тарабынан толук жоопторду алышты. Практика өтүүчү мекемелер, жетекчилер менен иш алып баруу жана жоопкерчилик маселелери боюнча кеңири талкуу жүргүзүлдү. Жыйынтыгында студенттер алдыдагы практикага даяр экендиктерин билдиришип, алган маалыматтар алардын кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө болоору белгиленди. Конференция мазмундуу жана пайдалуу өттү.