1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

13

Жумуш ордунда окутуу: салык адистерин даярдоонун эффективдүү формасы

Экономика жана укук колледжинде жумуш ордунда окутуу колго алынып, Экономика ПЦКсынын Салык жана салык салуу адистигинин жетекчилери З.М.Ахмедова Г.Б.Бекиева, Г.П. Салибаева тарабынан уюштурулган жумуш ордунда окутуу Манас шаарынын мамлекеттик салык салуу кызматында болуп өттү. Мониторингдөө жана анализдөө бөлүмүнүн ЕАЭБ алкагында экспорттук-импорттук контролдоо секторунун улук инспектору А.Б. Бакирова  студенттерге “Салык декларацияларын кабыл алуу жана иштеп чыгуу”  багытында:

декларациянын түрлөрү;

толтуруу тартиби;

электрондук отчет кабыл алуу процесси тууралуу кеңири түшүндүрмө берип өттү.

        Жумуш ордунда окутуунун жүрүшүндө студенттерге декларацияларды кабыл алуудагы заманбап ыкмалар, маалыматтарды автоматташтырылган системалар аркылуу текшерүү, ошондой эле ката кетирүүлөрдү аныктоо жана оңдоо механизмдери көрсөтүлдү. Улук инспектор А.Б. Бакированын түшүндүрмөлөрү конкреттүү мисалдар менен коштолуп, студенттердин теориялык билимдерин практикалык көндүмдөр менен айкалыштырууга өбөлгө түздү.

         Практиканын жүрүшүндө студенттер мамлекеттик салык кызматындагы иш процесси менен жакындан таанышып, адистиктин өзгөчөлүктөрүн терең түшүнүк  . Айрыкча, электрондук отчеттуулук системасы аркылуу иш алып баруу, маалыматтык коопсуздук талаптарын сактоо, салык төлөөчүлөр менен иштешүүдөгү кесиптик этика маселелери өзгөчө кызыгууну жаратып, өткөрүлгөн иш-чара студенттер үчүн пайдалуу тажрыйба болуп, алардын “Салык жана салык салуу” адистигине болгон кызыгуусун арттырып, кесиптик калыптанышына бекем негиз түздү.