1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

10

Практика — ийгиликтин башталышы

   Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсы тарабынан “Каржы (тармактары боюнча)”, “Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактары боюнча)” жана “Салык жана салык салуу” адистиктеринин 2-курс студенттерин окуу практикасына жайгаштыруу иштери жогорку уюшкандыкта жүргүзүлдү. Студенттер Манас шаарынын жана жакынкы райондордун мекеме-ишканаларына бөлүштүрүлүп, өз адистиктерине ылайык практикалык тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк алышты. Бул этап теориялык билимди реалдуу иш тажрыйбасы менен айкалыштырып, кесиптик көндүмдөрдү калыптандырууга өбөлгө түзөт.  Практика учурунда студенттер бухгалтердик эсеп, каржылык талдоо жана салыктык иштер боюнча билимдерин тереңдетип, жоопкерчилик, тартип жана кесиптик этика сыяктуу маанилүү сапаттарды өздөштүрүшөт.