1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

13

Кесиптик келечекке багыттаган маанилүү кадам

Б. Осмонов атындагы Экономика жана укук колледжининин “Каржы (тармактары боюнча)”, “Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактары боюнча)” жана “Салык жана салык салуу” адистиктеринин 2-курсунун студенттерин окуу практикасына жөнөтүү конференциясы өткөрүлдүИш-чарага колледждин директору А.А. Ташматова, өндүрүштүк практика жана карьера боюнча жетекчи Н.А. Айылчиева, ошондой эле Экономика ПЦКсынын практика жетекчилери катышты. Өз сөзүндө А.А. Ташматова студенттерге практика учурунда тартипти сактоо жана коопсуздук эрежелерин так аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Бул этап келечектеги адистер үчүн билимди бекемдөө менен катар илимий-изилдөө жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн баса белгиледи.

          Экономика ПЦКсынын практика жетекчиси А. Калмурзаева студенттерге практиканын негизги талаптарын түшүндүрүп, баалоо системасы жана жетекчилер менен тыгыз кызматташуу зарылдыгы тууралуу кеңири маалымат берди.

           Н.А. Айылчиева окуу практикасы теория менен практиканын ортосундагы маанилүү көпүрө экенин белгилеп, анын студенттерге өзүнө болгон ишенимди арттырууга жана келечектеги кесиптик карьерасына даярданууга жардам берерин айтып, студенттерге ийгиликтүү жана жемиштүү практика өтүүнү каалап кетти.