1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

15

Жумуш ордунда окутуу: салык кызматкерлери менен практикага багытталган                                                                                жолугушуу

 Экономика жана укук колледжинде жумуш ордунда окутуунун алкагында экономика ПЦКсынын окутуучулары тарабынан студенттер үчүн Манас шаардык Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү менен мазмундуу жана пайдалуу жолугушуу уюштурулду.  Иш-чарага МСКнын Манас шаары боюнча башкармалыгынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн консультация жана түшүндүрүү секторунун башчысы Таштанбекова Гулжамал Ахматалиевна жана башкы инспектору Дуйшеев Эламан Курстанбекович катышып, студенттерге “Салык органдарынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу нормативдик-укуктук документтер менен таанышуу” темасында кеңири маалымат беришти.  Жолугушуунун жүрүшүндө адистер салык системасынын түзүлүшү, салык төлөөчүлөрдүн укук-милдеттери, ошондой эле заманбап шартта салык органдарынын иш алып баруу өзгөчөлүктөрү тууралуу түшүндүрүп беришти. Мындан тышкары, практикалык мисалдардын негизинде реалдуу иш тажрыйбасы менен бөлүшүп, студенттерге келечектеги кесиптик багытын туура тандоого көмөк көрсөтүштү. Иш-чара жандуу суроо-жооп форматында өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго так жана жеткиликтүү жооп ала алышты. Айрыкча, электрондук салык кызматтары, декларация тапшыруу тартиби жана салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөр боюнча берилген маалыматтар катышуучулар тарабынан чоң кызыгуу жаратты.

        Мындай жолугушуулар студенттердин теориялык билимдерин бекемдеп гана тим болбостон, аларды практикага жакындатууга, кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Колледж жетекчилиги келечекте да мамлекеттик органдар жана иш берүүчүлөр менен тыгыз кызматташтыкта ушундай пайдалуу иш-чараларды улантууну пландаштырууда.