1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

19

Билим берүүдөгү педагогикалык чеберчилик

2026-жылдын 30-мартындагы №29/4 буйруктун негизинде Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу илимий-методикалык борбор тарабынан уюштурулган «Билим берүүдөгү педагогикалык чеберчилик» аттуу квалификацияны жогорулатуу курсу бүгүнкү күндө өз ишин ийгиликтүү улантууда. Бул окуу  2026-жылдын 1-апрелинен 10-апрелине чейин Бишкек шаарында    өтүүдө. Курстун негизги максаты — заманбап билим берүү талаптарына ылайык педагогдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, окутуунун инновациялык ыкмаларын өздөштүрүү, ошондой эле студенттерге сапаттуу билим берүүнүн жаңы формаларын киргизүү болуп саналат. Мындан тышкары, окутуучулардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү жана билим берүү процессинде натыйжалуу коммуникацияны калыптандыруу да курстун негизги багыттарынын бири болуп эсептелет. Курска Экономика жана укук колледжинин окутуучулары Айдарбекова Анарбү Жоконновна ,Сатымкулова Наргиза  , Кочкорова Наргиза , Барпиева Гулиза жана Садырова Назира  активдүү катышып, өз билимдерин тереңдетип, тажрыйбаларын байытып жатышат. Аталган окутуучулар курстун алкагында теориялык билимдерди гана өздөштүрбөстөн, практикалык көндүмдөрүн да өркүндөтүп, заман талабына жооп берген усулдарды үйрөнүп жатышат. Бул өз кезегинде алардын келечекте студенттерге берген билиминин сапатын жогорулатууга чоң өбөлгө түзөрү шексиз.