1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

22

Экономика жана укук колледжинин «Социалдык иш» адистигинин студенттерине практика учурунда жумуш ордунда окутуу уюштурулду

Экономика жана укук колледжинин Социалдык иш ПЦКсынын карьера жана практика жетекчиси Айтбу Анарбай кызы практиканын иш планын негизинде Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында квалификациялык практика өтүп жаткан студенттерге методикалык жана практикалык колдоо көрсөтүү максатында жумуш ордунда окутууну уюштурду.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өз суроолорун берип, практикада кездешкен теориялык жана практикалык маселелер боюнча кеңеш алышты. Ошондой эле студенттер тажрыйба алмашып, билимдерин бекемдөөгө жана жумуш ордундагы көндүмдөрүн өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.