1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

91

Экономика жана укук колледжинин студенти «Кытай тилинин көпүрөсү» сынагында жеңүүчү аталды

 Экономика жана укук колледжинин «Каржы (тармактар боюнча)» адистигинин II курсунун студенти ФК 2-24 тайпасынын студенти Тойчубекова Кызжибек эл аралык деңгээлдеги абройлуу интеллектуалдык таймашта өзүнүн билими жана таланты менен өзгөчөлөндү.

Кызжибек Синьцзян университети жана Конфуций институту тарабынан биргелешип уюштурулган «Кытай тилинин көпүрөсү» (Chinese Bridge) аттуу таланттар сынагында жогорку даярдыгын көрсөтүп, сыймыктуу 1-орунду багындырды. Жеңүүчүгө уюштуруучулар тарабынан ардак грамота жана баалуу белектер тапшырылды.

Бул жеңиш – колледждин студенттери бир гана экономика жана каржы багытында эмес, тил үйрөнүү жана маданияттар аралык байланышта да алдынкы орундарда экенинин далили. Кызжибектин ийгилиги заманбап адистин универсалдуулугун – каржылык сабаттуулук менен чет тилдерди айкалыштыра билүүсүн айгинелейт.

Бул ийгилик Кызжибек үчүн чоң жолдун башталышы гана. Ал эми алдыда олуттуу сыноо күтөт: жеңүүчүбүз 16-апрелде Ош шаарында өтө турган сынактын кийинки республикалык баскычына катышууга жолдомо алды.

Биз Кызжибекти кезектеги жеңиши менен куттуктайбыз жана Ош шаарында өтүүчү сынактан ийгилик каалайбыз!