1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

19

ЖАМУнун Экономика жана укук колледжинде ачык сабак өтүлдү

Экономика жана укук колледжинде 9-класстын базасында «Бухгалтердик эсеп жана экономика» адистигинде окуган БЭК-2-25 тайпасы үчүн «Адистикке киришүү» дисциплинасы боюнча ачык сабак 27-март кунү өткөрүлдү. Сабак «Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкаруучу органдар жана алардын ролу» деген темада Экономика ПЦКсынын окутуучусу С.Ы. Ашырбаева тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулду.

Сабактын жүрүшүндө студенттер жаш болсо да өлкөдөгү мамлекеттик финансыларды башкаруу системасына болгон кызыгуусун көрсөтүшүп, жаңы теманы кунт коюп угушту жана топторго бөлүнүп, активдүү иш алып барышты.

1-топ «Жогорку Кеңештин финансыны башкаруудагы ролу» темасында кластер ыкмасын колдонуп, өз ойлорун топтоп, презентация жасашты.

2-топ салык жана бажы кызматтарынын ишмердүүлүгүн Венн диаграммасы аркылуу салыштырып, окшоштуктарын жана айырмачылыктарын көрсөтүштү.

3-топ мамлекеттик финансыларды башкаруу системасынын таасирин «Областык оорукананы капиталдык ремонттон өткөрүү» мисалында Fishbone ыкмасы менен талдап беришти.

4-топ «Эсептөө палатасынын финансыны башкаруудагы ролу» темасын менталдык карта аркылуу түшүндүрүштү.

Сабакка катышкан Экономика ПЦКсынын окутуучулары Бекиева Г.Б. жана Салибаева Г.П. студенттердин активдүүлүгүн жогору баалап, ачык сабак жаңы усулдук методдорду колдонуу менен жогорку деңгээлде өткөнүн белгилешти.