1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

16

«Бүтүрүүчүлөр — жакшылыктын башаты: үлгүлүү кайрымдуулук акциясы»

Экономика жана укук колледжинде билим берүү менен катар коомдук жоопкерчилик сезимин калыптандыруу да өзгөчө мааниге ээ. Ушул багытта колледждин өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н. А. Айылчиеванын демилгеси менен бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын мүчөлөрү катышкан кайрымдуулук акциясы жогорку деңгээлде уюштурулду. Бул саамалык — жөн гана жардам көрсөтүү эмес, муундар ортосундагы байланышты бекемдеген, адамгерчилик баалуулуктарды даңазалаган маанилүү иш-чара болду. Акцияга бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын активдүү мүчөлөрү — социалдык иш адистигинин бүтүрүүчүлөрү Базарбаева Клара., Садырова Айдана , ошондой эле экономика жана бухгалтердик эсеп адистигинин бүтүрүүчүсү Торобеков Тариель катышып, өз салымдарын кошушту. Алардын ар бири коомго кайдыгер карабаган жаран катары демилгени колдоп, жаш муунга үлгү көрсөтүштү. Кайрымдуулук акциясы Манас шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына арналды. Иш-чаранын жүрүшүндө балдарга ар түрдүү белектер тапшырылып, жылуу сөздөр айтылып, көңүлдөрү көтөрүлдү. Балдардын жүзүндөгү кубаныч, алардын чын жүрөктөн чыккан ыраазычылыгы — бул иш-чаранын эң чоң жыйынтыгы болду десек жаңылышпайбыз. Мындай иш-чаралар коомдогу боорукерлик, кайрымдуулук, өз ара жардамдашуу сыяктуу асыл сапаттарды чыңдоодо чоң роль ойнойт. Ошондой эле колледж менен анын бүтүрүүчүлөрүнүн ортосундагы байланышты бекемдеп, келечекте дагы ушундай пайдалуу демилгелердин ишке ашуусуна өбөлгө түзөт. Жыйынтыгында, бул кайрымдуулук акциясы — кичинекей жүрөктөргө чоң кубаныч тартуулаган, ал эми уюштуруучулар үчүн руханий канааттануу алып келген унутулгус күн болуп калды. Мындай жакшы иштер мындан ары да улантылып, коомго жарык маанай тартуулай берет деген ишеним чоң.