1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

18

Ийгиликке жол ачкан практика: бүтүрүүчү менен маек

Экономика жана укук колледжинин Социалдык иш ПЦКсынын карьера жана практика жетекчиси Анарбай кызы Айтбу СРк-01-23 тайпасынын бүтүрүүчүсү Турдалиева Жаннета менен маек куруп, анын кесиптик жолундагы тажрыйбасы жана социалдык иш адистигинин өзгөчөлүктөрү тууралуу пикир алышты.

Белгилей кетсек, Турдалиева Жаннета учурда Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын Балдарды коргоо жана үй-бүлөнү колдоо бөлүмүндө социалдык кызматкер болуп иштеп келет.

Анарбай кызы Айтбу:

– Жаннета, социалдык иш адистигин тандоого эмне түрткү болду?

Турдалиева Жаннета:

– Мен ар дайым адамдарга жардам берүүнү каалачумун. Ошондуктан социалдык иш адистиги мага жакын болду. Бул кесип аркылуу адамдардын жашоосуна оң таасир эте аласың.

Анарбай кызы Айтбу:

– Студенттик практика сиз үчүн кандай роль ойноду?

Турдалиева Жаннета:

– Практика мен үчүн абдан маанилүү болду. Теориялык билимдеримди иш жүзүндө колдонуп көрдүм. Ошол эле учурда өзүмдү көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алдым.

Анарбай кызы Айтбу:

– Азыркы жумушуңузга практика таасир эттиби?

Турдалиева Жаннета:

– Ооба, чоң таасир этти. Практика өтүп жүргөндө эле жетекчилик тарабынан иштеп калуу сунушу түшкөн. Окуумду бүткөндөн кийин ошол эле жерде иштеп калдым.

Анарбай кызы Айтбу:

– Социалдык кызматкердин ишинде эң маанилүү сапаттар кайсылар?

Турдалиева Жаннета:

– Сабырдуулук, жоопкерчилик жана адамдар менен тил табыша билүү. Ошондой эле ар бир адамга кайдыгер болбой, чын дилден жардам берүү маанилүү.

Анарбай кызы Айтбу:

– Келечекте бул тармакты тандаган студенттерге кандай кеңеш берет элеңиз?

Турдалиева Жаннета:

– Өз кесибиңерди сүйүп окугула. Практикага өзгөчө көңүл буруп, ар бир мүмкүнчүлүктү пайдаланууга аракет кылгыла. Анткени практика – бул келечектеги ийгиликтин башаты.

Маектин жыйынтыгында практика студенттер үчүн чоң мүмкүнчүлүк экендиги жана келечектеги кесиптик жолго багыт берери белгиленди.