1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

25

Экономика жана укук колледжи Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлык өнөктүгүн уюштурду

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 44-беренесинин 1-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралдагы “Социалдык адилеттүүлүктүн дүйнөлүк күнүн өткөрүү жөнүндөгү” №110 токтомуна ылайык, 2026-жылдын 20-февралынан 20-мартына чейин Манас шаарында Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлык өнөктүгү өткөрүлдү.

Өнөктүктүн алкагында Экономика жана укук колледжинин директору А.А.Ташматова, ЭУКтун администрациясы, Социалдык иш ПЦКсынын башчысы Н.Н.Сатымкулова жана Социалдык иш ПЦКсынын окутуучулары А. Анарбай кызы, Э.Т.Молдомиров жана ошондой эле Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы менен биргеликте Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын “Уй-бүлө жана балдарды коргоо” бөлүмүндө каттоодо турган 15 үй-бүлөнүн ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары үчүн Манас шаарындагы “Луна парк” оюн-зоок борборунда балдарга оюн-зоок жана көңүл ачуучу иш-чараларды уюштуруп, жакшы маанай тартууланды.

Иш-чарага кошкон салымы үчүн Экономика жана укук колледжи тарабынан иш-чарага чоң салым кошкондугу үчүн “Луна парк” оюн-зоок борборуна ыраазычылык кат тапшырылды.