1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

20

Студенттер шаардык мэриянын тарых музейинде

Кыргызстан тарыхы предметинен окутуучу З.Амиракулова жумушчу пландын негизинде жумуш ордунда окутуунун (ОРМ) алкагында, Бэк-3-24 тайпасынын студенттерин Манас шаарынын тарых музейине алып барды.

Сабактын негизги максаты – студенттердин тарыхый билимдерин тереңдетүү, музейдеги экспонаттар аркылуу теориялык маалыматтарды практика менен айкалыштыруу болду.

Сапардын жүрүшүндө студенттер Кыргызстандын тарыхына байланышкан баалуу материалдар менен таанышып, өздөрүнүн билимдерин кеңейтишти. Музей кызматкерлеринин түшүндүрмөлөрү студенттер үчүн өзгөчө кызыктуу жана пайдалуу болду.

Мындай иш-чаралар студенттердин тарыхка болгон кызыгуусун арттырып, практикалык билим алуусуна чоң салым кошот.