1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

31

Социалдык адилеттүүлүк айлыгынын алкагында куратордук саат

            Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 44-беренесинин 1-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы №110 “Социалдык адилеттүүлүктүн дүйнөлүк күнүн өткөрүү жөнүндө” токтомуна ылайык, 2026-жылдын 20-февралынан 20-мартына чейин Манас шаарында Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлык өнөктүгү өткөрүлдү.

Аталган өнөктүктүн алкагында Экономика жана укук колледжинде СРк 01-25 тайпасында куратордук саат уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чараны тайпанын куратору А. Анарбай кызы алып барып, студенттерге социалдык адилеттүүлүк, тең укуктуулук жана жарандык жоопкерчилик тууралуу кеңири маалымат берди.

Куратордук сааттын жүрүшүндө студенттер активдүү катышып, өз ойлорун ортого салып, талкуу жүргүзүштү. Ошондой эле презентациялар, турмуштук мисалдар жана интерактивдүү ыкмалар колдонулуп, теманын мазмуну терең жана жеткиликтүү түшүндүрүлдү.

Жыйынтыгында, бул иш-чара студенттердин жарандык аң-сезимин жогорулатууга, коомдогу социалдык баалуулуктарды түшүнүүгө жана адилеттүү коомду калыптандырууга болгон көз караштарын бекемдөөгө өбөлгө түздү.