1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

62

“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик”

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономика жана укук колледжинде Кыргыз Республикасынын Президентинин №369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” аттуу Жарлыгына ылайык, студенттер арасында “Баарыбыз бириксек – күчтүү билек, ЖАМУну даңктоо биздин тилек” аталышындагы кароо-сынак жогорку деңгээлде уюштурулуп, ийгиликтүү өткөрүлдү.

Иш-чара салтанаттуу саламдашуу менен башталып, катышуучулар өз өнөрлөрүн ар тараптан көрсөтө алышты. Өзгөчө көңүл бурдурган бөлүмдөрдүн бири – Кош жылдыз "Бала – ата-эне күзгүсү" аталышындагы чыгармалык бөлүк болду. Анда ата-энелер да катышып, балдары менен бирге сахнада өнөр тартуулап, үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалашты.

Мындан тышкары, улуттук нарк-насилди чагылдырган каада-салттардан “Сүйүнчү” жөрөлгөсү көрсөтүлүп, кыргыз элинин бай маданий мурасы кеңири чагылдырылды. Ошондой эле студенттердин аткаруусунда көркөм бийлер жана вокалдык чыгармалар тартууланып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады.

Кароо-сынак жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттердин чыгармачылык дараметин ачууга, улуттук баалуулуктарды даңазалоого жана биримдикти бекемдөөгө чоң өбөлгө түздү.