1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

33

ЖАМУ Манас шаарындагы көчөт отургузуу акциясына активдүү катышты

Манас шаарындагы “Достук” эс алуу багында “Тынчтык багы” акциясы уюштурулуп, анын алкагында көчөт отургузуу иштери жүргүзүлдү. Аталган акция Улуу Ата-Мекендик согуштун, Баткен окуясынын, Чернобыль апаатынын, Аскер-Деңиз флотунун жана башка тарыхый окуяларга арналган эстеликтерди орнотуу үчүн бөлүнгөн аймагында өттү.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин атынан экономика жана укук колледжинин окутуучусу Лунара Карим кызы студенттер менен  катышты.

Демилге Кыргызстан элинин Ассамблеясы тарабынан көтөрүлүп, демөөрчүлөр колдоого алган. Анын алкагында жалпы 150 даана ар кандай көчөт отургузулду.

Мындай иш аракеттер студенттер үчүн да пайдалуу болуп, тарыхый окуяларды эскерип, жаратылышка аяр мамиле кылуусуна өбөлгө болот.