САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ- УЧУР ТАЛАБЫ
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономика-юридикалык колледжинде окутуучулар үчүн колледждин окуу – усулдук кеңешинин төрагасы А. Калмурзаева тарабынан окуу-методикалык семинар уюштурулду. Семинардын максаты инновациялык окутуу-үйрөтүү процессин уюштурууну, азыркы учурдун талабына ылайык санариптик тиркемелер менен иштөө, окутуунун жаңы технологиялары, баалоонун түрлөрү менен тааныштыруу болду. Мында окутуучулар студенттер менен болгон карым-катнашты өздөштүрүп, педагогикалык компетентүүлүгүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышты. Семинардын жүрүшүндө А. Калмурзаева санариптик окутуу боюнча төмөндөгү тиркемелер менен иштөөнү үйрөттү. Мультиурок, PADLET, Quizlet, Kahoot тиркемелерине окутуучулар катталып, ушул тиркемелердин негизинде практикалык иштер, тесттик тапшырмалар, студенттер менен кайтарым байланыш түзүүнүн жолдору менен иштөөнү өздөштүрүштү. Семинардын аягында учур талабы болуп жаткан тиркемелерге тесттик тапшырмаларды жүктөп, ссылкасын авнге байлап, студенттер менен тесттин үстүндө иштөө сунушу берилип, окутуучуларга тарабынан колдоого ээ болду.