1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

10 месяцев назад

83

МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинде укук таануу ПЦКсынын УТк-01-21, Утк-2-21 тайпасынын студенттери үчүн мамлекеттик практикага жөнөтүү конференциясы уюштурулду. Мамлекеттик практиканы 2024-жылдын 19-февралынан Жалал-Абад областык сот,  шаардык сот, адвокатура ж.б. укук коргоо органдарында өтүшөт. Конференцияда практиканын максаттары, милдеттери, жол карта, отчет, күндөлүк жазуунун тартиби жөнүндө практика жетекчилери айтып беришти. Конференцияга ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн инспектору Н. Жолдошалиева , колледждин директору А.Карбекова катышып, илимий изилдөө ишин жазуу боюнча айтып беришти. Конференциянын жыйынтыгында жетекчилер студенттердин практикасына ийгиликтерди каалашты.