1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

29

Мамлекеттик практика – болочок юристтердин кесиптик даярдыгынын маанилүү этабы

2026-жылдын 11-мартында Экономика жана укук колледжинин Укук таануу адистигинде билим алып жаткан студенттердин мамлекеттик практиканы өтүү деңгээлин текшерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Текшерүүгө ПЦК башчысы Г. А. Доноева жана окутуучу Н. Мойдинова катышты. Иш-чаранын алкагында Жалал-Абад облустук жана шаардык сотуна, Манас шаардык ички иштер бөлүмүнө, Жалал-Абад облусу боюнча Пробация департаментинин башкармалыгына жана Юстиция башкармалыгына барып, ошол жерде практика өтүп жаткан студенттер менен жолугушуу уюштурулду. Практика учурунда студенттер укуктук документтер менен иштөө, жарандардын кайрылууларын каттоо жана башка кызматтык иштерге катышып жаткандыгы белгиленди. Текшерүүнүн жүрүшүндө студенттердин практикалык иштерине көзөмөл жүргүзүлүп, практика күндөлүктөрү каралып, аткарылган иштер тууралуу маалыматтар алынды. Ошондой эле студенттер түздөн-түз мекеме адистеринин жетекчилиги алдында иш алып барып, жумуш ордунда окутуу аркылуу кошумча тажрыйба топтоп жатышкандыгы белгиленди. Бул ыкма студенттердин кесиптик көндүмдөрүн бекемдеп, келечектеги юридикалык ишмердүүлүккө даярдоодо маанилүү роль ойнойт. Жалпысынан мамлекеттик практика студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууга мүмкүнчүлүк түзүп, алардын кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана болочок юрист катары калыптануусуна чоң салым кошот.