1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

24

ОшМУ менен ЖАМУнун студенттеринин билим жана тажрыйба алмашуусу ийгиликтуу аяктады.

Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин студенттери 2 жумалык окуу учурунда ЖАМУнун Экономика жана укук колледжинде билим жана тажрыйба алмашышты.

Ал эми ЖАМУнун студенттери 1 айлык окуу учурун ОшМУнун колледжинде ийгиликтүү өтүп, сертификаттар менен кайтышты.

Окуу учурунда студенттер практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүп, жаңы билимдерди өздөштүрүштү, ошондой эле спорттук мелдештерге активдүү катышып, достук жана командалык мамилелерди бекемдешти.

Жыйынтыгында окуу ийгиликтүү аяктап, бардык катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды.