1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

25

Социалдык иш адистиги – бүтүрүүчүнүн көз карашында

Экономика жана укук колледжинин социалдык иш ПЦКсынын практика жана карьера жетекчиси Анарбай кызы Айтбу СРк-2-22 тайпасынын бүтүрүүчүсү Клара Базарбаева менен маек курду. Маектин максаты – адистиктин өзгөчөлүктөрүн жана практика учурундагы тажрыйбаларды бүтүрүүчүнүн көз карашында көрсөтүү.

– Анарбай кызы Айтбу: Клара, өзүң тууралуу айтып берсең?

Клара: Мен Базарбаева Клара, СРк-2-22 тайпасынын бүтүрүүчүсүмүн. Азыр Экономика жана укук колледжинде лаборант болуп иштейм. Ошондой эле ЖАМУнун социалдык иш адистиги боюнча сырттан окуу бөлүмүндө 2-курста билим алып жатам.

– Анарбай кызы Айтбу: Социалдык иш адистигине кандай көз караштасың?

Клара: Бул адистикти тандаганыма абдан оң көз караштамын. Социалдык иш – адамдарга жардам берүү, алардын көйгөйлөрүн түшүнүү жана колдоо көрсөтүү менен байланышкан кесип.

– Анарбай кызы Айтбу: Окуу учурунда алган билимдериң азыркы ишиңде жардам берип жатабы?

Клара: Ооба, жардам берип жатат. Теориялык билимдер жана практикадагы тажрыйбалар азыркы иште абдан пайдалуу. Адамдар менен туура мамиле түзүү жана сабырдуулук абдан маанилүү экенин билдим.

– Анарбай кызы Айтбу: Практика учурунда кандай тажрыйба алдыңар?

Клара: Практикада ар кандай адамдар менен иштедик, алардын көйгөйлөрүн уктук жана колдоо көрсөтүүнү үйрөндүк. Бул биздин билим алуу процессинде эң пайдалуу этаптардын бири болду.

– Анарбай кызы Айтбу: Бул адистиктин өзгөчөлүгү эмнеде деп ойлойсуң?

Клара: Бул кесиптин өзгөчөлүгү – социалдык кызматкерлер ар кандай уюмдарда жана мекемелерде иштей алышат. Бул кесипте боорукерлик, түшүнүү жана жоопкерчилик негизги сапаттар.

– Анарбай кызы Айтбу: Адистиктин келечеги боюнча сунушуң барбы?

Клара: Азыр социалдык кызматкерлер мектепте социалдык педагог болуп иштей алышпайт. Ошондуктан мен сунуштайм: дипломго “Социалдык педагог” багытын кошуу керек. Бул багыт кошулса, социалдык кызматкерлерге жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат жана адистиктин келечеги кеңейет.

Анарбай кызы Айтбу: Кларанын сунушу жакшы экен, эске алынып каралат.

– Анарбай кызы Айтбу: Студенттерге кандай кеңеш берет элең?

Клара: Студенттерге өз кесибин сүйүп окууну жана практикадан мүмкүн болушунча көп нерсени үйрөнүүнү сунуштайм. Бул билим келечекте сөзсүз пайдасын тийгизет.

Жыйынтык

Социалдык иш адистиги – коом үчүн маанилүү, адамга багытталган кесип. Бүтүрүүчүлөрдүн көз карашында практика жана окуу учурундагы билимдер келечектеги кесиптик ишмердүүлүктө чоң мааниге ээ.