1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

135

Экономика жана укук колледжи конок лекция уюштурулду

 Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономика жана укук институтунун Ш.М. Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын окутуучусу Усенов Адилет Алимжанович Экономика жана укук колледжинин «Социалдык иш» адистигинин 2-курс студенттерине «Жаштар менен иштөөнүн социалдык технологиялары» темасында конок лекция өттү.Лекция мазмундуу жана актуалдуу болуп, студенттер үчүн пайдалуу болду. Сабактын жүрүшүндө жаштар менен иштөөнүн заманбап ыкмалары, социалдык технологиялардын өзгөчөлүктөрү жана практикалык мааниси кеңири түшүндүрүлдү. Теориялык маалыматтар практикалык мисалдар менен бекемделип, студенттер теманы жакшы өздөштүрүүгө шарт түздү. Лекция интерактивдүү форматта өтүп, студенттер активдүү катышышты. Алар суроолорду берип, өз ойлорун билдирип, талкууларга аралашышты. Ошондой эле сабакта оюн элементтери колдонулуп, студенттердин кызыгуусу арттырылды. Жыйынтыгында студенттер лекциядан пайдалуу маалыматтарды алышып, конок окутуучуга ыраазычылыктарын билдиришти. Мындай лекциялар студенттердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө чоң салым кошот.