1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

28

Академиялык мобилдүүлүк онлайн түрдө улантылууда

Социалдык иш ПЦКсынын 2025–2026-окуу жылындагы академиялык мобилдүүлүк боюнча иш планынын негизинде кызматташтык иштери онлайн форматта ийгиликтүү улантылууда. Академиялык мобилдүүлүктүн алкагында Экономика жана укук колледжинин Социалдык иш ПЦКсынын окутуучулары Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинин студенттерине онлайн сабак өтүштү.

Тактап айтканда, Ташматова Айнагуль Акылбековна, Сатымкулова Наргиза Надырбековна жана Анарбай кызы Айтбу өздөрүнүн кесиптик тажрыйбасы менен бөлүшүп, заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу аркылуу сабактарды жогорку деңгээлде уюштурушту.

Онлайн сабактар интерактивдүү форматта өтүп, студенттер менен активдүү байланыш түзүлдү. Сабак учурунда талкуулар, суроо-жооптор жана практикалык мисалдар колдонулуп, темалар кызыктуу жана түшүнүктүү жеткирилди.

Студенттер сабакка чоң кызыгуу менен катышып, жаңы билимдерди алышты. Мындай онлайн кызматташтык билим берүү процессин өркүндөтүүгө жана академиялык байланыштарды чыңдоого өзүнүн оң таасирин тийгизүүдө.