1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

32

21-март Нооруз майрамына арналган кыргыз элинин үрп - адаттарын даңазалоо.

18-март 2026-жылы БДк-2-25 тайпасына куратор Мамашова А.А. тарабынан 21-март Нооруз майрамына карата “Кыргыз элинин үрп-адаттарын даңазалоо” деген темада куратордук саат өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – студенттерге улуттук баалуулуктарды таанытуу, Нооруз майрамынын маанисин терең түшүндүрүү жана кыргыз элинин бай маданиятына болгон кызыгуусун арттыруу болду. Куратордук сааттын жүрүшүндө студенттер Нооруз майрамынын тарыхы, анын өзгөчөлүктөрү жана салт-санаалары тууралуу кеңири маалымат алышты. Айрыкча сүмөлөк даярдоо, бата берүү, алас айтуу сыяктуу улуттук үрп-адаттарга токтолуп, ошондой эле көк бөрү, улак тартыш, ат чабыш өңдүү улуттук оюндар тууралуу да мазмундуу талкуу жүргүзүштү. Мындан тышкары, интерактивдүү тапшырмалар жана кызыктуу оюндар уюштурулуп, студенттер активдүү катышып, өз ойлорун эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Жыйынтыгында студенттер улуттук мурастарды сактоо жана даңазалоо ар бир жарандын ыйык милдети экенин түшүнүп, Нооруз майрамынын руханий баалуулугун тереңирээк аңдай алышты.