1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

ОшМУда академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагындагы 1 жумалык иш сапары йгиликтүүжыйынтыкталды

            Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында 2026-жылдын 9-мартынан 14-мартына чейин Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинде 1 жумалык иш сапар ийгиликтүү жыйынтыкталды. Иш сапардын жүрүшүндө окутуучулар жана студенттер үчүн конок лекциялар, мастер-класстар жана тажрыйба алмашуу жолугушуулары уюштурулду. Өткөрүлгөн иш-чаралар билим берүү тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого, кесиптик тажрыйбаны байытууга жана академиялык байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түздү.

            Иш сапардын жыйынтыгында Экономика жана укук колледжинин окутуучуларына ыраазычылык каттар жана сертификаттар тапшырылды. Бул академиялык мобилдүүлүк программасы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө, билим сапатын жогорулатууга жана келечектеги биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга маанилүү негиз түздү.