1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

«Иш кагаздарын орус тилинде туура жазуу» темасында ачык сабак

ЭУКтун ЖББ ПЦКсынын БЭк-3-25 тайпасына 13-март 2-смена 1-парада жүгүртмөгө ылайык, окутуучу Н. Осмонова тарабынан орус тили сабагынан «Иш кагаздарын орус тилинде туура жазуу» темасында ачык сабак өтүлдү.

Сабактын жүрүшүндө интерактивдүү доска натыйжалуу колдонулуп, жаңы тема заманбап окутуу усулдарын пайдалануу менен түшүндүрүлдү. Студенттер топторго бөлүнүп, карточкалардын жардамы менен практикалык тапшырмаларды аткарышты. Ошондой эле диалогдор жана тексттер түзүлдү. Сабак абдан жандуу, мазмундуу жана жогорку уюштуруучулук деңгээлде өттү. Сабактын бардык этаптары натыйжалуу болду.

Окутуучу аудитория менен жакшы тил табыша билет, мамилеси жылуу жана сылык. Ал сабакта илимийлүүлүк жана жеткиликтүүлүк принциптерин бекем карманды. Студенттердин билими алдын ала түзүлгөн баалоо критерийлеринин негизинде объективдүү бааланды.

Жалпысынан сабак кызыктуу, маалыматка бай, натыйжалуу болду жана алдыга коюлган максатына толук жетти. Студенттер активдүү катышып, алган билимдерин практикада бышыктоого жакшы мүмкүнчүлүк алышты.