1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

Экономика жана укук колледжинде 2-семестрдеги ачык сабактар графикке ылайык улантылууда

13-март 2026-жыл 1-пара УТк-7-25 тайпасы үчүн Санариптик сабаттуулук сабагынан ачык практикалык сабак болуп өттү. Сабакты окутуучу Мамашова А.А. заманбап 5Е моделине таянып, интерактивдүү методдордун жардамы "Электрондук китепканалар" темасындагы инновациялык ачык сабак өткөрдү.

Сабактын негизги баскычтары жана кызыктуу көз ирмемдер:

Жагымдуу маанай: Сабак окутуучу менен студенттердин ортосундагы байланышты бекемдеген "Программист менен робот" оюну аркылуу өтө позитивдүү жагымдуу маанайда башталды.

Билимди текшерүү: Өтүлгөн темаларды кайталоо максатында үй тапшырмасы "Ким миллионер болгусу келет?" форматындагы кызыктуу тест аркылуу текшерилип, студенттердин активдүүлүгүн арттырды.

Жаңы теманы студенттер өз алдынча изилдөөдө тайпа чакан топторго бөлүнүп, "Электрондук китепканалар" темасын өздөрү изилдеп чыгышты. Командада иштөө менен алар маалыматты талдап, мыкты презентацияларды жасап беришти.

Практикалык баалуулук: Студенттер теорияны гана үйрөнбөстөн, реалдуу убакыт режиминде электрондук китепканалардын сайттарына кирип, керектүү китептерди издөө, ачуу, жүктөө жана бири-бирине бөлүшүү сыяктуу маанилүү санариптик көндүмдөргө ээ болушту.

Тереңдетилген ой жүгүртүү: Алынган билимди бышыктоо жана ар тараптуу талдоо жүргүзүү үчүн Эдвард де Бононун "Алты калпак" методу колдонулду. Бул ыкма студенттердин маалыматка сын көз караш менен кароосуна жана аналитикалык ой жүгүртүүсүнө чоң өбөлгө түздү.

Жыйынтык: Бул ачык сабак студенттердин санариптик технологияларга болгон кызыгуусун арттырып, алардын креативдүүлүгүн, коммуникациясын жана практикалык жөндөмдөрүн өнүктүргөн заманбап билим берүүнүн үлгүсү боло алды!