1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

27

Жумуш ордунда окутуу: студенттердин музей жана китепканадагы сабагы 

2026- жыл 10- мартта ЖАМУнун экономика жана укук колледжинин БЭк-3-25тайпасынын студенттери иш ордунда окутуу программасынын алкагында областтык китепканада жана тарых музейинде сабак өтүп келишти. Сабактын максаты – студенттердин тарыхый аң-сезимин кеңейтүү, алардын китепкана маданиятына болгон кызыгуусун арттыруу жана Кыргызстандын бай тарыхы менен жакындан тааныштыруу болуп саналат. Сабакты кыргыз тили адабияты предметинен окутуучу Барпыбаева В. Ж. өттү. Сабактын жүрүшүндө студенттер областтык китепкананын бөлүмдөрүнүн иши менен, тарых музейде Кыргызстандын тарыхы менен кенири таанышты. Бул сабакта студенттердин изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн өнүктүрүп, китепкана жана музей сыяктуу билим берүүч жайлардын коомдогу ордун түшүнүүгө шарт түзүү да сабактын маанилүү максаттарынын бири болду.